Connect with us

Жолдордун абалын жакшыртуу маселеси Жогорку Кеңеште талкууланды

Коом , Кыска кабар , Саясат | 6 Сен 2022 | 703 | 0

Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында кыймылсыз мүлктү каттоо мөөнөтүн кыскартуу жана жолдордун абалын жакшыртууга, акы төлөнүүчү жолдорду инвесторлорго курууга берүү маселелери талкууланды. Депутаттар айрым маселелерди сынга алып, сунуш-пикирлерин айтышты. 

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин мүчөлөрү «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамы долбооруна өзгөртүү киргизүү маселесин биринчи окууда карады.

Талкуу маалында Айыл чарба министринин орун басары Нурия Сооронова өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди.

Буга чейин кыймылсыз мүлктү каттоо жергиликтүү органдар чечим чыгаргандан кийин беш күн ичинде катталып келсе, жаңы эрежеге ылайык, бир күн ичинде каттоого алынат.

«Биздин мамлекеттик органдар жеке жактарга беш сааттын ичинде каттоо жүргүзүп жатат. Ал эми юридикалык жактарга он жумушчу сааттын ичинде каттап жатат. Бул мыйзам долбоорго терс корутундулар болгон эмес, белгиленген тартипте сайтта илинген, сунуштар түшкөн эмес. Айтылгандардын негизинде мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алып берүүңүздөрдү айыл чарба министрлиги суранат»,-  деди Сооронова.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов аталган мыйзам долбоорунун маанилүүлүгүн белгилеп, айрыкча, мүлктү убагында каттоо жана буга байланыштуу талаш-тартыштын көбү Бишкек, Ош шаарларында болорун айтты.

Бирок министрликтин мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн каттоо мөөнөтүн кыскартуу демилгесинен күмөн санай турганын жашырган жок.

Улукбек Ормонов

«Бул мыйзам долбоорунда жазылып жаткан убакытты кыскартуулардын бардыгы — жомок. Себеби ушул иштер менен чуркагандар, Мамкаттоо кызматына барып мүлктү каттап, документтерди тапшыргандар иш бүтпөй турганын билишет. Айлап бүтпөйт. Беш, он күн жөнүндө сөз кылбай эле коелу. Акчаны төлөп коюп, үч айга чейин кагаздарын ала албай калган учурлар бар. Ошондуктан бул маселени кеңири форматта карасак жакшы болот эле», — деди Ормонов.

Эл өкүлү акыркы убакта чет өлкөлүк жарандар «айланма жолдор» менен жер пайдалануу укугун бири-бирине сатып жатканын айтып, бул маселеге чара көрүү керектигин сунуштады. Мыйзамда чет өлкөлүктөргө жер сатууга тыюу салынганы менен, Мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу мындай терс көрүнүштөргө жол ачылып жатканын сынга алды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору айтылган сунуш-пикирлерди эске алып, кийинки жыйынга кайра алып келүү үчүн артка кайтарылды.

Мындан сырткары «Автомобиль жолдору жөнүндөгү» мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланды. Аталган маселе боюнча транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев маалымат берди.

Ал белгилегендей, мыйзам долбоору унаа жолдору чөйрөсүндөгү процесстерди жеңилдетүү максатын көздөйт.

«Мыйзам долбоорунда акы төлөнүүчү жол түшүнүгү, унаа жолун акы төлөнүүчү негизде колдонуу жөнүндө чечимдер кантип жана ким тарабынан кабыл алынары жана акы төлөнүүчү жолдорду курууда, кайра курууда жана эксплуатациялоодо инвесторлорго түрткү берүү боюнча чаралар, жеке инвесторлордун акы төлөнүүчү жолдорду курууга жана башкарууга катышуусунун формалары каралган», — деди Кайынбаев.

Талкуу маалында депутаттар Улукбек Ормонов, Тазабек Икрамов өлкөдөгү жолдордун абалына токтолуп, тармак өнүкпөй жатканын сындашты. Айрыкча депутат Тазабек Икрамов жолдорду курган жеке компаниялардын ишинин натыйжасыз экенин белгиледи.

«Жолдор өтө начар. Буга эмне себеп? Бизде оор жүк ташуучу унааларды таразадан жең ичинен акча алып кайра ошол жолдорго кое берип жатканынан болуп жатат. Жолдун баарын алар бузуп жатат, эл акча төлөп жатат, мамлекет болсо насыя алып жолдору жасап жатат. Ал болсо 2-3 жылга да жетпей атат. Бир жылда талкаланып жатат. Ушул боюнча бир жакшы мыйзам сунуштабайсыңарбы? МАИ кызматкерлерине ыйгарым укутарды берели, кармасын. Үстүнөн бирөө “крыша” болуп көз жума берсек, жолдун баарын талкаланып бүтмөй болдуго», — деди Икрамов.

Ал эми депутат Алишер Козуев жасалып жаткан жолдордун сапатына карата калк арасында сын-пикир арбын экенин айтып, министрликтин аткаруучу компаниялар алдындагы карызы канча экенине кызыкты. Министрдин орун басары карыздын көлөмү 400 млн сом экенин маалымдады.

Андан тышкары, депутат Исхак Масалиев бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында, жолдорду оңдоого жеке ишканаларды тартуу боюнча сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү колдоду.

Бирок ошол эле учурда мыйзам долбоорунун айрым беренелерин аягына чыгарууну сунуштады.

«Негизи жеке менчик жол болгон жакшы, бирок бизде мындай тажрыйба жок. Себеби жеке менчик жол курганда, анын астындагы жер кимде болушу керек? мамлекеттеби же жеке менчиктеби? Тегеректеги 12 метр коопсуздук тилкеси кимде болушу керек? ушуга окшогон маселелер чечилиши керек. Андан кийин, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби менен иштөө – абдан жакшы нерсе. Бул 12 жыл мурун кабыл алынган, бирок ишке ашпай жатат, ушуну бир колго алып баштабайсыңарбы? Силерге подрядчиктер ишенбей калышты, жеке менчик жөнүндо айтпа эле коелу. Бирок бул маселелерди чечиш керек», — деди Масалиев.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда жактырышты.

Copyright © 2017 Maral FM