Кадамжайда киши колдуу болуп каза болгон 14 жаштагы өспүрүм кыздын сөөгү табылды. Милиция кызматкерлери анын сөөгүн эки колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болуп өлтүрүлгөн абалда табышкан. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча ал 8-класстын окуучусу болуп, үй-бүлөсүндө жалгыз кыз болгон жана ата-энеси Орусияда эмгектенип жүрүшкөн. Кылмышка шектүү катары ошол эле Халмион айыл өкмөтүнүн үч тургуну кармалган. Окуя боюнча коомчулук кылмышкерлерди катуу жазалоону талап кылып, өспүрүмдргө карата катталып жаткан зордуктоолордун алдын алуу боюнча бийликке катуу талаптарды коюшууда.
Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы, 4-сентябрда Кадамжайда киши колдуу болуп каза болгон өспүрүм кыздын сөөгү табылганын билдирди.
Маалыматка караганда, 4-сентябрда Кадамжайда киши колдуу болуп каза болгон өспүрүм кыздын сөөгү табылган. Ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган мектеп окуучусу экени аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Өспүрүм кыз 8-класстын окуучусу болуп, үй-бүлөсүндө жалгыз кыз болгон жана ата-энеси Орусияда эмгектенип жүрүшкөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Халмион айыл аймагынын үч тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эске салсак, социалдык тармактарда жарандар аталган кылмышты жасагандардын арасында милиция кызматкери бар экендигин жазышкан, бирок ИММдин басма сөз кызматы өспүрүм кыздын өлүмүнө шектелип кармалган үч жарандын ички иштер органдарына эч кандай тиешеси жок экендигин айтып чыкты.
Бүгүн эртең менен президент Садыр Жапаров Кадамжай районунда окуучу кыздын зордукталып, өлтүрүлүшү боюнча кайрылуу жасады. Ал фейсбуктагы баракчасына жаш кыздын мыкаачылык менен өмүрүнүн кыйылышы зээн кейиткен окуя экенин экенин айтып, муну жектөөгө чакырды. Ошондой эле Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге зордук-зомбулуктардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырганын билдирди.
«Кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл. Биздин элдин аялзатына, кыз балага жасаган өзгөчө мамилесинен улам, Кыз Сайкал, Жаңыл мырзадай баатыр кыздарыбыз, Курманжан даткадай акылман энелерибиз чыккан. Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли. Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкечилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы. Кадамжайда жасалган мыкаачылык — кечиримсиз иш. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот».
Акыйкатчынын орун басары Альберт Көлөпов учурда бул факт боюнча тергөө жүрүп жаткандыгын, тергөөнүн жыйынтыгын Акыйкатчы институту сөзсүз түрдө көзөмөлөгө ала тургандыгын билдирди. Анын айытымында, бул кылмышты жасаган жарандар мыйзам чегинде толук жоопко тартылып, эч кандай жеңилдиктер же тосмо арызда каралбашы керектигин белгиледи.
«Өтө кейиштүү окуя болду, биз бүгүн эртең менен Баткенге өкүлүбүздү жибердик. Ал учурда Кадамжайга барып, кыздын ата-энесине жолугуп, алардын арыздарын алып жатат. Мындай иштердин алдын алуу үчүн маалматтык түшүндүрүү иштерин жана тийешелүү мамлекеттик органдар өздөрүнө жүктөлгөн иштерди алып барышы керек. Биз бул боюнча ар тараптуу иштерди алып барып жатабыз, 155 шыр байланыш номерин ачтык. Андан сырткары ар бир ушундай маалыматты көзөмөлгө алып, аягына чейин адамдардын укуктарынын сакталышы боюнча иш алып барып жатабыз. Бирок, тилекке каршы мындай окуялар улам-улам чыгып жатат».
Президент Садыр Жапаров ушул жылдын август айында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кылмыш-жаза кодексине», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон.
Бул мыйзам балдарды коргоо жаатында реформаларды ишке ашыруунун алкагында кол коюлган жана жыныстык кол тийбестигин коргоого болгон укуктарын, ошондой эле балдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылууга багытталган.
Анда балдарга карата кылмыштарды жасаган адамдар жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу (58-берене), психикалык ооруга чалдыккандыгына же психикасынын убактылуу бузулушуна байланыштуу, ошондой эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу жолу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт ( 89-берене) жана мунапыс берилбейт деп күчөтүлгөн.
Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева зордук-зомбулукка каршы канчалык жазалар күчөтүлгөнүнө карабай, окуялардын кайталанышы тынчсыздандырып жатканын билдирди.
Ошондой эле ал азыр «Зөөкүлөргө каршы мыйзам» долбоору даярдалып, жакынкы бир айда парламентке алып чыгыларын кошумчалады.
«Жакында эле парламент үч окууда мыйзам кабыл алыган «Кылмышкерлерге мунапыс берилбейт, кылмышты мөөнөтү өтүп кетпейт деп, баардык учурда жазаланат» деп жазалары күчөтүлгөн. Бирок ага карабастан баары бир баарбызды «шок» кылган окуялар катталып жатат. Мыйзамды деле күчөтүп жатабыз, коомдо ал талкууланып, реакция болуп жатса деле, жакында эле милиция кызматкерлери аралашкан зордук-зомбулук катталбадыбы. Мен эмне деп айтаарымды да билбейм. Парламенттен мыйзамдарды алып келип жатабыз, өзүм дагы зомбулукка каршы мыйзамдарды караштырып, ал мыйзам долбоору боюнча прокуратуранын билдирүүсүн күтүп жатабыз. Бир ай ичинде бул мыйзам долбоорун парламентке киргизебиз. Бирок аялдарга зордук-зомбулукка каршы мыйзамдарды күчөтүп алып келебиз деп жатканда, мырзаларыбыз «үй-бүлө институтун бузуп жатасыңар» деген негативдүү реакция кылышкан. Эми азыр көрөбүзгө, бул жолкусу кандай болот экен».
Комитеттин бүгүнкү жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Кадамжайда өспүрүм кызды өлтүрүүгө шектүүлөрдү тез арада катуу жазалап, жоопкерчиликке тартылышын талап кылды. Ошондой эле ал «Зөөкүлөргө каршы мыйзам» долбоору «казино жөнүндө мыйзам» долбоорундай бат колдоо таап, кабыл алынышы керектигин белгилдеи.
Социология илимдеринин кандидаты, доцент Самарбек Сыргабаев коомчулукта орун алып жаткан зордук-зомбулук маселеси терең системдүү маселе деп эсептейт. Анын айтымында, мындай окуялар коомдогу жагдайды чагылдырып турат.
«Бул окуянын себеби эмнеде деген суроо менен карап көрө турган болсок, көп жактан караганга туура келет. Укуктук жагынан ала турган болсок, Укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштырсак, алар ушул сыяктуу укук бузуулардын алдын алуу иштерин, түшундурүү иштерин жетигтүү деңгээлде аркарбай жатат десек болот. Саясат жагынан ала утрган болсок, тиешелүү деңгээлде укук коргоо жагында саясат жүргүзүлбөй жатат деп айтышыбыз мүмкүн. Ошол эле учурда бул маселенин социалдык себептери да бар. Алар дагы комплекстүү, анткени мындай маселелер баардык институттардан келип чыгат. Үй-бүлө интитутунан баштап, билим берүү институту, экономикалык институттар, дин институттары. Коомдогу баардык институттардын бир-бирине байланышынан келип чыгат».
Социологиялык изилдөөлөр далилдегендей, эң көп зордук-зомбулукка мигранттардын балдары кабылат. Экономикалык каатчылык, жакырчылык өскөн коомдо кылмыштуулук күчөйт.
ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук. Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.