Кыргызстандагы 20дан ашык университетте бизнес идеяларды ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Бул — студенттердин стартап долбоорлорду түзүүсүнө түрткү бере турган эл аралык тажрыйба. Ал эркин чөйрөдө ишкердик көндүмдөрүн өркүндөтүү, сыноо аркылуу тандалган стартаптардын жана жаш компаниялардын ийгиликтүү өнүгүүсүн тездетүү, бизнести колдоо куралы болуп саналат. «Студенттик стартап» программасынын алкагында долбоорлор тандалат. Бул студенттерге кандай пайда берерин алдыда айтып беребиз.
Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда бизнес-инкубаторлор ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабарлап, стартап долбоорлордун сынактарын уюштуруу жана өткөрүү тартиби, каржылык колдоого байланышкан жобо кабыл алынганын айтты.
«Бүгүн биз жаштар арасындагы ишкерликти колдоого багытталган долбоорду баштоодобуз. Эми студенттер ар түрдүү тармактарда стартаптарды түзүүгө жана алдыңкы идеяларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышат. Улуттук экономиканын өнүгүшүнө реалдуу таасир этиши үчүн өлкөбүздө жыл сайын он миңдеген стартап өнүгүп, рынокто бизнес-идеялардын ачык атаандаштыгы болушу керек».
«Студенттик стартап» программасынын алкагында маалыматтык технологиялар, медицина жана саламаттыкты сактоо технологиялары, химиялык технология, интеллектуалдык өндүрүш технологиясы, биотехнология, ресурс үнөмдөөчү энергия, айыл чарба технологиясы, жашыл экономика, чыгармачыл өндүрүш сыяктуу тармактарда стартап долбоорлор сынакка коюлуп, андан соң мамлекеттик каржылоо үчүн эң күчтүү долбоорлор тандалып алынат.
Өкмөт стартаптар технологиялык уюмдардын жапырт ишке киргизилишине алып келерине, экономиканын түрдүү тармактарында жаңычыл чечимдерди жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишенет.
«Салымбеков» университетинин ректору Эсенгелди Жумадиловдун пикиринде, жогорку окуу жайларда мындай бизнес-парктардын ачылышы студенттердин келечекте карьерасын түптөөгө, алган билимин жашоодо колдонууга багытталган. Муну менен жаштар теориялык билимин иш жүзүндө колдонуп, ойлорун жүзөгө ашыра алат.
«Бизнес-инкубаторлордун негизги тапшырмасы: «Алдыга койгон бизнес-долбоорлору, ишкердик пландары болсо, аны кантип ишке ашыруу керек? Кандай жолдору бар?» деген суроолордун үстүнөн ойлонуу жана экинчи жагынан, финансылык, уюштуруучулук маселелерин канткенде чечсе болорун үйрөтө турган курал болуп саналат».
Бизнес-парктар Ош мамлекеттик университетинде үч ай мурун ачылып, иштей баштаган. Жайкы каникулга карабастан студенттер, жаш окумуштуулар тарабынан кызыгуулар артып, бүгүнкү күнгө чейин 30 стартап долбоор даярдалды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын Жаштар бизнес паркынын директору Эрлан Камалов айтып берди.
«Азыркы тапта биз 30 стартап долбоорду таңгактап бүтүрдүк. Эми инвесторлорго сунуштоо алдында турабыз. Инвесторлорго, мамлекеттик же жеке коомдук фонддорго, донордук уюмдарга, орто жана кичи бизнести колдогон эл аралык уюмдарга же программаларга болобу, студенттерибиз ушул стартап долбоорлорун презентация кылганга даяр болду. Албетте, бардык стартап ишке ашып кетет дегенден алыспыз, себеби теория боюнча стартаптардын 10%ы гана чоң ийгиликтүү долбоорго айланган учурлар көп кездешет. Атаандаштык чөйрө кеңири экенин эске алышыбыз шарт».
Стартап долбоорлор боюнча окутууларды өткөрүп келе жаткан бизнес-тренер Азамат Аттокуров студенттерге долбоор даярдоо, аларды кайсы жакка сунуштоо жөнүндө кеңештерди берди.
Анын айтымында, айыл чарба тармагында эт, картөшкө, сүт азыктары боюнча долбоорлорду даярдап, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстанга сунуштаса болот.
«Буурчак азыктары да чет өлкөдө чоң суроо-талапка ээ. Мындан сырткары жеңил өнөр жайды карап көрсөк болот. Мисалы, өзгөчө тигилген көйнөктөр, балдарга арналган атайын форма, спорт костюмдары, майрамдык костюмдар боюнча долбоорлор чет өлкөлөргө керек болуп турат. Ошондой эле туризмге байланыштуу долбоорлор чоң суроо-талапка ээ. Мисалы, конок үйлөрдү куруу, унааларды ижарага берүү боюнча жана IT тармагында тейлөөлөрдү сыркы базарга сунуштай алабыз».
Бизнес-инкубаторлор Кыргызстандагы отуздан ашык университетте ачылды. Эми бизнес идеяларын ишке ашырууга умтулган жана бизнес пландаштыруу, каржылоо боюнча кеңешке муктаж жаштарга жеткиликтүү болот.
Өткөн айда президент Садыр Жапаров «Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Анда креативдик деп аталган чөйрөдө иш алып барган жаратмандарга жеңилдиктер каралып, аларды айрым салыктардан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу каралган.