Connect with us

«Кумтөр» боюнча маалыматтардын дал келбестиги жетекчилерди алмаштырды

Саясат | 5 Сен 2022 | 859 | 0

«Кумтөр» алтын кени былтыр май айында сырткы башкарууга берилип, жетекчилигине Теңгиз Бөлтүрүк келген. Бийлик өкүлдөрү алтындын баары Кыргызстанда сатыла турганын айтышкан. Бирок Улуттук статистика комитетинин 2021-жылдагы тышкы соода боюнча берген маалыматтарында, 19 тоннага жакын алтын «белгисиз өлкөлөрдүн» бирине 1,1 миллиардга жакын долларга экспорттолгону белгиленген. Бул маалымат тарагандан кийин коомчулукта «Кумтөр» маселеси кайрадан кызуу талкууга түштү. Көп өтпөй «Кумтөрдүн» жетекчиси, андан тышкары «Кыргызалтындын» жетекчиси жана орун басарлары кызматынан алынды. Муну менен эле токтобой Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш ээлеген ордунан бошотулду. «Кумтөргө» тиешеси бар кадрлардын алмашуусу кендеги маселелерди ортого алып чыгуудабы? Бул суроонун айланасында эксперттердин пикирин тыңдадык. 

Президент Садыр Жапаров 27-августта «Кумтөр» кенине байланыштуу «Кабар» улуттук агенттигине маек берип, анда белгисиз өлкөгө сатылган 19 тонна алтындын чоо-жайын түшүндүрдү. Өлкө башчынын айтымында, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн алтын кайсы өлкөгө алып барылганы жашыруун болот жана мындан ары да кайсы өлкөгө сатылып жатканы айтылбайт.

Ушул өңдүү маалыматты Улуттук банк да берип, борбордук банктардын эл аралык тажрыйбасында алтын-валюта резервдери менен операциялары коопсуздук принциптерин сактоо зарылчылыгынан улам купуя категориясына кирип, бул операциялар тууралуу маалымат чектелген мүнөзгө ээ болорун белгилеген.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин экинчи сессиясынын ачылышында алдыда өтө турган жыйындарда алтындын 1 миллиграммына чейин так маалымат берүүнү убада кылды.

Статкомдун маалыматына таянып айтсак, 2021-жылы 24,8 тонна алтын экспорттолуп, анын 4 тоннасы Улуу Британияга, 1 тоннасы Швейцарияга, ошондой эле Орусияга, Кытайга, Италияга жана Түркияга да аз-аздан жөнөтүлгөн. Андан тышкары 1,1 млрд долларга бааланган 19,2 тоннасы, тагыраагы, негизги бөлүгү кайсы өлкөгө чыгарылганы белгисиз бойдон калган.

Эсептөө палатасы «Кумтөрдөгү»каржылык мыйзам бузууларды аныктагандан кийин 23-августта Теңиз Бөлтүрүк жана ишкананын каржы иштери боюнча директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилди.

Арадан көп өтпөй, 2-сентябрда «Кумтөрдүн» алтынын сатууга укуктуу болгон «Кыргызалтындын» төрагасы Жарасул Абдураимов, анын өндүрүш жана чалгындоо иштери боюнча орун басары Амантур Турсуниязов, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча орун басары Жеңиш Сейдалиев, уюштуруу иштери боюнча орун басары Данияр Конокбаев «өздөрү берген арыздын» негизинде кызматынан кетишти. Айта кетсек, Жарасул Абдураимов бул кызматка алты ай мурда дайындалган болчу.

Ошол эле күнү алтын экспортуна тиешеси бар Улуттук банктын жетекчилигинде да өзгөрүү болуп, орун басары Нурбек Жеңиш президент Садыр Жапаровдун 30-августта кол койгон тескемеси менен ишинен бошотулду. Нурбек Жеңиш бул кызматты 2014-жылдан бери аркалап келген.

«КР Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамга ылайык, банктын төрагасынын орун басарлары президент тарабынан жети жылдык мөөнөткө гана дайындалат.

Үч мамлекеттик мекеменин жооптуу кызматкерлеринин бир учурда ишинен кетишине «Кумтөр» боюнча бири-бирине дал келбеген ар түрдүү маалымат таралып, «катачылык» жасалганы себеп болгонун, бул бийликке жакпай калганын айтат оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков. Анын пикиринде, «Кумтөрдүн» маселеси 19 тонна алтындын белгисиз өлкөгө сатылганында эмес, «Кумтөрдүн» ичинде жүрүп жаткан процесстерде.

«Сыртка чыкпай жатканы: «Кумтөрдүн» ичиндеги кадр маселеси, башкаруу маселеси, «Кумтөргө» түшкөн акчалардын сакталышы, ага инвестиция тартуу жана техникалык маселелер. Быйыл менин божомолумда «Кумтөрдөгү» өндүрүш азаят. Тенгиз Бөлтүрүктү кызматтан алуу менен бийлик «Кумтөрдүн» ичинде маселелер, кыйынчылыктар, мыйзам бузуулар бар экенин тааныды. Бирок бүгүн жетекчи кылып койгон адамдар да аларды чече албайт. «Кумтөрдүн» ичиндеги маселелер коомчулукка акырындык менен чыга берет, абалы күндөн-күнгө начарлай берет. Бир сөз менен айтканда, бул бийлик «Кумтөрдү» туура жана адилеттүү башкара албайт. Туура жолго түшүрө албайбыз, себеби азырынча өлкөнүн саясий-экономикалык чөйрөсү жок. Биздин чөйрө авторитардык, кооррупцияланган чөйрө. Мындай чөйрөдө «Кумтөргө» окшогон ишкананы натыйжалуу башкаруу мүмкүн эмес. Экинчиден, бизде ал деңгээлде башкара турган жетекчилер жок. Тилекке каршы, биздин чөйрө маданияттуу, жогорку деңгээлдеги менеджерлерди жарата албайт. Ошондуктан ачык айтышыбыз керек, биз аны азыр башкара албайбыз. Эгерде ушул бойдон кете турган болсо, эки-үч жылда «Кумтөрдүн» иши жалпысынан токтойт, жанагы эле банкрот болуп жаткан мамлекеттик компаниялардын абалына келебиз».

Ал эми журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов Улуттук банк жакында эле 19 тонна алтынды 1.1 млрд долларга экспорттогону менен түшкөн акчалар, алардын кандай жумшалганы, Кыргызстанга келип-келбегени бүгүнкү күнгө чейин белгисиз экенин белгиледи. Акматовдун баамында, «Кумтөр» боюнча Өкмөттүн, парламенттин жана коомчулуктун маалыматы жок. Анын божомолунда, акыркы маалыматтарды өлкө башында турган эки же үч адам гана билиши мүмкүн. Так маалымат жоктугу чоң мыйзам бузуулардан жана коррупциядан кабар берет.

«Кумтөрдүн» алтыны жеке Садыр Жапаровдун алтыны эмес. Бул жалпы элдин алтыны болгондуктан, мамлекеттик органдар аркылуу көзөмөлдөнүп, мыйзамдын негизинде ачык иштетилгенде мындай ызы-чуулар болбойт эле. Ачыктык дегенде парламент аркылуу бюджетке киргизилип, канча акча түшкөнү элге айтылганда, мындай шек саноолор, түшүнбөстүктөр болбойт эле. Азыр өздөрү бири-бирине карама-каршы келген маалыматтарды чыгарып жатат. Бир туруп, «Кумтөрдүн» алтыны чет өлкөгө сатылган жок, Кыргызстандан чыгарылган жок» дейт. «Кыргызалтын»: «12 тонна алтынды сатып жибергенбиз» дейт. Булардын кайсы маалыматы чындыкка жакын жана канчадан сатылып жатат? Булар өздүк наркты эки эседен көп ашырып жатышат. Парламент кубаттуу болсо, бул маселелер аябай катуу иликтениши керек. Бизде мурдатан айтылган бийлик системасындагы тең салмактын жоктугунан бир ууч адам ар кандай коррупциялык иштерге пайдаланып кетиши мүмкүн. Бийлик тең салмактуу болуп, парламент күчтүү болгондо, мындай нерселерге жол берилмек эмес. Бийлик «эмне кылсам, өзүм билем» деп, эки жылдан бери алтын сатат, а депутаттардын эч кандай кабары жок».

Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков «Кумтөргө» тиешеси бар жетекчилердин бир мезгилде алмашуусу күтүүсүз жана түшүнүксүз болгонун белгилейт. Ошондой эле ал өзү жакында эле «Кумтөргө» барып, жалпы абалы менен таанышканын, андагы негизги көйгөйлөр боюнча анализин Өкмөткө жибергенин билдирди.

Камчыбеков борбордук участоктогу коопсуздук маселелерин карап чыкпаса, кийинки жылдары алтын казуу токтоп калышы мүмкүн экенин эскертти.

«Кумтөр кени үч чоң участкадан туруп, алтынын бириктиришкен. Бирок бүгүнкү күндө Сары-Төр жана Түштүк-Батыш деген участокторунда даярдоо иштери жүрүүдө. Алар кийинки жылдарга гана даяр болушу мүмкүн. Борбордук участокто болгону бир гана жер иштеп жатат. Ал жер да жараканын үстүндө, көчкү жүрүп кетүү коркунучу бар аймакта жайгашкан. Ошол жерде коопсуздук иштерин так аткарып, кошумча илимий иштерди жүргүзүп,  андан кийин ошол участокту иштетишибиз керек. Эгерде жалгыз участокту иштете албай кала турган болсок, анда кийинки жарым жылдыкка чейин «Кумтөрдөн» алтын өндүрүү токтоп калышы мүмкүн. Кампаларда запастар бар, алар бир нече айга гана жетиши мүмкүн, андан кийин толугу менен токтоп калышы ыктымал. Азырынча ошондой көйгөйлүү маселелер бар. Биз аны чечүү үчүн жардам бергенге даярбыз». 

Эске салсак, ушул жылдын 29-июлунда «Кумтөрдү» Кыргызстанга өткөрүп алуу процесси толук аяктаганы, «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» акцияларынын 100%ын «Кыргызалтын» ААКына толук өткөрүп, каттоо актыларын, ишеним каттарын жана күбөлүктөрүн тапшырганы жарыяланды.

Министрлер кабинети жана канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын акционерлери 25-июлда кезексиз жыйынга чогулган. Анда «Кумтөр» алтын кени боюнча дооматтарды жөнгө салуу жөнүндө» макулдашуунун шарттары бекитилип, «Кумтөрдү» кыргыз тараптын толук көзөмөлүнө өткөрүп берүү боюнча бир нече техникалык жол-жоболор кабыл алынган.

2021-жылы май айында Кыргызстан кенге сырткы башкарууну киргизип, кенди өзүнө өткөрүп алуу аракеттерин баштаган. Кумтөр — Кыргызстандагы эң ири кен, анда жыл сайын 14-17 тонна алтын казылып алынат. Адистердин эсеби боюнча, жакынкы 10 жылда «Кумтөрдөн» кеминде 5 млрд доллардын тегерегинде киреше алууга болот, башкача айтканда, 160тан 200 тоннага чейин алтын казылат.

Copyright © 2017 Maral FM