Биз менен байланышыңыз

Украинадагы согушта Орусиянын канча аскери каза болгону айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Сен 2022 | 8815 | 0

BBC ачык маалымат булактарына таянып, Украинага кол салган согушта каза болгон орусиялык аскерлердин тизмесин түздү.

Согуш башталгандан бери 2-сентябрга карата каза болгондордун тизмесине орус армиясынын 6020 аскеринин аты-жөнү киргизилген.  Каза болгондордун 17%(1025 киши) офицерлер жана төртөө генерал, 35и полковник, 77си подполковниктер болгон. Ошондой эле атайын даярдыктагы аскерлер арасында да курман болгондор көп. Эксперттердин пикиринде алардын ордун толтуруу бир топ кыйын болушу мүмкүндүгүн айтат.

Мындан сырткары, Украинадагы согушта орус армиясынын катарында катышкан башка өлкөнүн жарандары да аныкталган. BBC жарыялаган маалыматта постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстандан 13 киши, Тажикстандан 9, Молдовадан 1 адам согушта каза болгон.

ВВСнин маалыматында, 6020 аскердин өлүмү бул расмий булактарда тастыкталган. Ал эми чыныгы сандар мындан бир канча эсе көп болушу мүмкүн.

Буга чейин АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы Орусия Украинада 15 миңдей аскерин жоготконун, ал эми жаракат алгандар 45 миңге чамалаган деп билдирген болчу.

Учурда Орусияда каза болгон аскерлер тууралуу маалыматтар мамлекеттик сыр катары сакталат. Ал эми расмий Москва быйыл 24-мартта 1351 аскери Украинада каза болгонун жарыялап, андан бери маалымат бере элек.

Быйыл күзүндө Кыргызстанда күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр жана окуялар

 

Copyright © 2017 Maral FM