Биз менен байланышыңыз

Быйыл күзүндө Кыргызстанда күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр жана окуялар

Блог | 1 Сен 2022 | 4230 | 0

Кыргызстандыктарды быйыл күзүндө бир катар өзгөрүүлөр жана маанилүү окуялар күтүп турат. «Марал» радиосу 2022-жылдын күзүнө пландалган жаңы эрежелер, иш-чаралар жана мааракелер тууралуу маалыматтарды топтоду.

  1. Окуу жылынын башталышы 1-сентябрга жылды

Быйыл Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрдан башталат.

Мындай чечимди Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдер, ата-энелер арасында сурамжылоо жүргүзгөндөн кийин кабыл алган.

Былтыр, 2021-2022-окуу жылы пандемияга байланыштуу 15-сентябрда башталып, 9-июнда аяктаган. Бул чечим коомчулукта бир катар сынга кабылган.

  1. Салык төлөбөгөндөргө карата рейд башталат

Салык кызматы сентябрда транспорт, турак жай жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд баштайт.

Мыйзамга ылайык, белгиленген мөөнөттө салык төлөөгө үлгүрбөй калган транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогунун ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары административдик айып төлөөгө, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга — 1000 сом, юридикалык жактарга — 5 миң сом суммасында айып каралган.

  1. Спирт өндүрүүгө 100% мамлекеттик монополия киргизилет

Кыргызстанда 1-сентябрдан тартып этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга 100% мамлекеттик монополия киргизилет. Бул тууралуу жарлыкка 12-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон.

«Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга 100% мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлык этил спиртин өндүрүү багытын жакшыртуу, салыкты көбөйтүү, аткезчилик жол менен ташып келүүгө, контрафакттык продукцияга бөгөт коюу жана калктын саламаттыгын коргоо максатын көздөйт.

Ага ылайык, “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, өлкө аймагында өндүрүлгөн жана импорттолгон этил спиртин сатууга эксклюзивдүү укук берилет.

  1. Мектептерде «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети окутула баштайт

Кыргызстанда быйылкы жаңы окуу жылынан тарта 9-класстарга эки чейрек «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети окутула баштайт. Мындагы максат диний көз караштан улам келип чыккан араздашууга бөгөт коюп, дин аралык мамилени бекемдөө болуп саналат. Бул сабак жумасына бир сааттан өтүлөт. Жалпы 34 саат бөлүнгөн.

Предметтин максаты:

1) Ааламдашуу жараянында улуттук баалуулуктарды сактоо;

2) Радикализм жана экстремизмдин таасиринин күчөшүнө жол бербөө. Жаш өспүрүмдөрдү алардын кучагына салып бербөө;

3) Жаш жеткинчектерге туура диний маалымат берүү. Ал аркылуу диний маалымат алуусун мектепте контролго алуу. Салттуу исламды ишенимдүү китеп, ишенимдүү мугалим аркылуу үйрөтүү;

4) Диний сабырдуулук жана толеранттуулукту калыптандыруу. Башкалардын динине жана ишенимине урмат көрсөтүүнү үйрөтүү.

5) Өлкөдө диний стабилдүүлүктү кепилдөө. Диний конфликттердин алдын алуу. Калктын диний сабаттуулугун көтөрүү.

  1. «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбооруна кол коюлат

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн үч өлкөнүн башчылары кол коет. Тиешелүү документке 15-16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кол коюлат. Буга чейин 80 чакты кытайлык адистер Кыргызстанга келип, жер-жерлерде изилдөө иштерин баштаган болчу.

  1. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Түркияда өтөт

29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары болуп өтөт. Көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасы Түркия мамлекетине 2018-жылы берилип, 2020-жылы өткөрмөк, бирок пандемия шарттарына байланыштуу 2022-жылга жылдырылган.

  1. Пенсия көтөрүлөт

Социалдык фонд тарабынан 2022-жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны пландуу индексациялоо каралган.

Пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо коэффициенти 1,15ти түзөт. Бул ар бир пенсия алуучуга орточо 500 сомдон кошулат дегенди түшүндүрөт.

Пенсиянын базалык бөлүгү да 3170 сом өлчөмүндө жогорулатылат.

  1. “Салык чек” лотереясынын 2-туру ойнотулат

Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын экинчи туру 1-октябрда ойнотулат.

Акциянын экинчи туру 1-октябрда жыйынтыкталып, лотерея атайын компьютердик программа менен капыстан тандап алуу генератору (рандом системасы) аркылуу ойнотулат.

Лотереядан уткан жаран байгесин үч айдын ичинде алып кетиши керек, андан кийин берилбейт.

Экинчи турда автоунаа, iPhone, смартфондор жана башка баалуу байгелер коюлган.

  1. Өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталат

Кыргызстанда ушул жылдын ноябрь айында өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө пландалууда.

Саламаттыкты сактоо министрлиги пландуу эмдөө дүйнө жүзү боюнча коомдук саламаттыкты сактоонун үнөмдүү стратегиясы деп эсептейт. Аны ишке ашыруу ден соолукту чыңдоо жаатындагы башка медициналык кийлигишүүлөр менен салыштырганда балдардын оорусунун, өлүмүнүн жана майыптыктын деңгээлин кескин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Вакцина 11 жашта жасалат. Вакцинаны киргизүүнүн биринчи жылында эмдөө боюнча илимий-техникалык эксперттик топ дагы 12-14 жаштагы кыздарды эмдетүүнү сунуштаган.

Мекеменин маалыматына караганда, жатын моюнчасынын рагы аялдар арасында кеңири таралган илдеттердин төртүнчү сабында жана дүйнө жүзү боюнча коомдук саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү болуп саналат. Маселен 2020-жылы бул оорунун 604 миңге жакын жаңы учуру катталып, 342 миң аял каза болгон. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 500гө жакын аял жатын моюнчасынын рагынан жабыркап келет.

  1. 25-ноябрда Элдик Курултай өтөт

Президент Садыр Жапаров 16-августта «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анда 25-ноябрда Бишкекте биринчи элдик курултай чакырылары жазылган.

Курултайды уюштуруу комитетинин башчысы болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалган.

Элдик курултайга 1000 делегат чакырылат. Делегаттарды тандоо жана аларды борборго жиберүү иштери жергиликтүү кеңештин депутаттарына жүктөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM