Connect with us

«Баатырлыкты» майдалабай токтотуу керекпи?

Саясат | 2 Сен 2022 | 1002 | 0

Бүгүн президент Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, ишиндеги чоң жетишкендиктери жана Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 31 жылдыгына карата мамлекеттик жогорку даражадагы сыйлыктарды ыйгарды. 1-сентябрда президенттин сыйлык тапшыруу боюнча чыгарган жарлыгынан кийин социалдык тармактарда айрым сыйлык ээлеринин туура эмес тандалганы айтылып, кызуу талкуу жаратты. Ошол эле учурда жалпы коомчулук жогорку даражадагы сыйлыктарды берүүнүн баркы кетип баратканын, аны токтотуу керектигин айтып чыгышты. Деги бүгүнкү күндүн баатырлары кимдер жана бул наамды алуучулар кайсы критерийлердин негизинде тандалат? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» даражасын, «Ак Шумкар» орденин ыйгарды. Ушундай эле наам-даража «легендарлуу парламенттин» төрагасы болгон, мамлекеттик абройлуу кызматтарды аркалап жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан Медеткан Шеримкуловго, эгемен Кыргызстандын экинчи өкмөт башчысы Апас Жумагуловго, маркум мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеевге, маркум кинорежиссёр, СССРдин эл артисти Болот Шамшиевге да берилди. Коомчулукта Апас Жумагулов менен Камчыбек Ташиевдин баатырлык наамды алышы катуу сынга кабылып, «Кайсы кылган эмгеги үчүн?» деп суроо узаткандар арбыды.

Садыр Жапаров сыйлык тапшыруу аземинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасын мамлекеттик маанидеги зор иштерди бүтүргөнү үчүн ыйгарганын белгиледи.

Анын айтымында, Камчыбек Ташиевдин мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасаган эмгектери азырынча сыр боюнча сакталат.

«Өлкө башына каран күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган, жанын тобокелге салып, чыр-чатакты токтотуп, эки элди жараштырган эр-азаматтарыбыз болду. Жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүдө сап башында бүгүнкү улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев турганын эч ким тана албайт. Муну мен өз көзүм менен көрүп, ошол окуяларга катышкан адам катары айта алам. Анын буга чейин эл кызматында болуп, «эл уулу» атанткан иштери татыктуу бааланып жатканын эл да туура көрөт. Мындан сырткары жакынкы эле убактарда, элге беймаалым, менин көз алдымда турат, мамлекеттин кызыкчылыгы чейрек жыл бүтпөй жүргөн зор иштерди бүтүрдү. Бул иштер азырынча сыр болуп турат. Убагы келет, кийинчерээк ачыктайм».

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө өлкөнүн улуттук коопсуздугун чыңдоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформалоо боюнча жүргүзүп жаткан Ташиевдин аракеттерин көз жаздымда калтырууга болбой турганын белгиледи.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын алуу ал үчүн күтүүсүз болгонун билдирди.

«Садыр Нургожоевич көп жыл өтсө да, биздин эмгекти баалап, наам бергенине ыраазычылык билдирем. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин негизги багыты: мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылуу. Мен ойлойм, биздин кызматкерлер өзүнүн жумуштарын так аткарып жатат жана мындан ары да аткара берет».

Кыргыз Республикасынын Баатыры — мамлекеттик эң жогорку наам. Ал 1996-жылы 16-апрелде кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө» мыйзамынын негизинде түзүлгөн. Ага ылайык наам ыйгаруу жобосу иштелип чыккан.

Анда: «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамы менен мамлекет жана эл алдында өзгөчө эмгек сиңирген, Кыргыз Республикасынын эркиндигин жана эгемендигин сактоого баатырдык, эрдик кылган жарандар сыйланат. «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы наамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бир жолу гана ыйгарылат. Жогорку даражадагы наамга татыган адамга «Ак-Шумкар» ордени берилет», — деп айтылат.

Көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы оорлошуп, криминалдык чөйрө күчөп, чек ара маселелери чечилбей, эл жакырчылыкка кептелип баратканда баатырлардын пайда болгонунун өзү суроо жаратарын айтат. Ал бүгүнкү күндөгү наамдардын берилишин бийликтин өзүнүн тарапташтарына материалдык жана материалдык эмес ресурстарды бөлүп берүү кадамы катары баалады.

«Калктын үчтөн бири жакыр, бир миллиондон ашык мигрант, криминалдык абал курчуп, талап-тоноо күч алып, чек  ара маселеси бүтпөй, эл эмне кыларын билбей турган убакта жооптуу мамлекетик кызматкерлер арасында «баатырлардын» пайда болушунун өзү эле суроо жаратат. Чиелешкен толгон-токой көйгөйлөр бар. Кыргызстандын келечеги бүдөмүк, тобокелчиликтер көп, ушундай жагдайда «баатырлар» кантип пайда болот? Такталган талаптар да жок. Жалпылап айтканда, баатыр наамын алуу жана берүү бийликтин бир атрибуту болуп калды. Чыныгы баатыр эмес эле, бийликтеги ресурсту колдонуу. Баатырдын аты, кадыры кетип, коомдо социалдык багыт алуу да жоголуп жатат. Баалуулук даражасы болгон ишмердүүлүк кайсы? Коомдо ушул нерсеге так жооп жок. Барган сайын баалулуктун даражасы жоголуп, деңгээл төмөндөп жатканы аябай кооптуу». 

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов буга чейин өткөн өкмөттүн жыйынында көзү өткөндөргө «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын берүүнү токтотууну жана баатыр наамын алуу үчүн атайын критерийлерди күчөтүүнү сунуштаганын айтат. Антпесе, коомчулукта атаандашуу күчөп, ар кимди сунуштап, наамдын баркы кете турганын эскертет.

«Ачыгын айтканда, «аткаруу бийлигинде иштеген Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков, Султан Ибраимовдон кийин кандай кызматта иштебесин, бул бийликте отургандарга «баатыр» деген наамдарды бере бербей, баатырлыкты майдалабай токтотуу керек» деген маселени  тарыхчылар да коюп келе жатабыз. Кийинки өкмөт башчылар тиги үчөөнө теңби? Элдин арасында ошондой кадыр-баркка ээби? Аткарган иштери, жүрүм-туруму бардык жагынан лидер болууга татыктуубу? Ошол эле учурда мурдагы партиялык, советтик кызматтагыларга наам берүүнү токтотууну айтканбыз. Эгемендик доордогу бийликте тургандарга да наам берүүдө өтө кылдат кароо керек. Мамлекетти ушундай абалга алып келген жооптуу адамдарга, артында ар түрдүү аңыз кеп айтылып жүргөн адамдарга сыйлык берип коюунун өзү бүгүнкү күндө элдин арасында терс пикирди жаратып жатканы чындык. Ошондуктан Эгемен доордо 31 премьер-министр болсо, биринин артынан бирине наам берүү туура болбойт. Татыктуулардын татыктуусуна берилгенде гана «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген сыйлык өзүн актаган болот». 

«Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамына татыган адамдардын энесине «Баатыр эне» ордени ыйгарылат.

Сөз болуп жаткан жогорку даражалуу наам 1996-жылы уюштурулуп, наамды эң алгач 1997-жылы 4-февралда ошол кездеги өлкө башчынын  жарлыгы менен Кыргыз эл жазуучусу, Социалисттик эмгектин баатыры Түгөлбай Сыдыкбеков жана дүйнөлүк алп жазуучу Чынгыз Айтматов алган. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө карай бул жогорку даража 33 адамга берилген.

Copyright © 2017 Maral FM