Биз менен байланышыңыз

Быйылкы окуу жылынан тарта 1-класстын окуучуларына баа коюлбайт

Билим-маданият | 1 Сен 2022 | 1700 | 0

Бүгүн жаңы окуу жылы башталып, өлкө боюнча 160 миң бала 1-класска барды. Буга байланыштуу мектептерде атайын майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Ага катышкан мугалимдердин, ата-энелердин, окуучулардын маанайы жогору болду. Биз Бишкектеги мектептердин биринде өткөн майрамдык салтанатка катышып, ата-энелер жана окуучулар менен маектешип келдик.

— Мен бүгүн 1-класска келдим. Мага мектеп аябай жакты. Аябай сүйүнүп турам.

Мен бала бакчада жазганды үйрөнөт элем. Эми мектепке келдим. Мага бүгүнкү күн жагып жатат. Атам мени чогуу келдим.

— Мен бүгүн чоң энем менен мектепке 1-класска келдим. Мектепке чейин даярдоо классында окугам. Мага мектепте окуган жакты. Мага мектепте окуган, башкалар менен дос болгон, анан дагы жакшы баа алган жакты.

2021-2022-окуу жылы пандемияга байланыштуу 15-сентябрда башталып, 9-июнда аяктаган. Быйылкы окуу жылы салттуу түрдө 1-сентябрда башталды.

Өлкө боюнча быйыл 1-сентябрга карата 160 миңден ашуун бала 1-класска барды. Өлкө боюнча миллионго чукул окуучу билим алып, аларга 83 миңге жакын мугалим сабак берет. Быйылкы окуу жылына карата 11 билим берүү мекемеси, анын ичинен 5 мектеп жаңы салынып, ишке берилди. Муну менен мамлекетте жалпы 2340 мектепте сабактар өтүлөт.

Бишкек шаарынын тургуну Султан Талантбек уулу кызын борбордогу мектептердин бирине 1-класска алып келди. Ал балдарынын билим алуусуна өзгөчө көңүл бурат.

«Бүгүн кызымды 1-класска алып келдим. Ушул райондогу бала бакчага барчу. Тааныш район болгондуктан кызымды бул мектепке бердик. Бул мектепте менин балдар-кыздарымдын баары билим алган. Мектеп жакшы окутат. Татыктуу билим берет. Мындан кийинки кызымды да ушул мектепке берейин деген планыбыз бар. Мугалимдердин педагогикалык деңгээли да жакшы болгондуктан окутуп жатабыз».

Жаңы кабыл алынган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, 1-класстын окуучуларына сабак 40 мүнөт өтүлүп, баа коюу ыкмасы колдонулбайт.

Борбордо жашаган Марал Медерова бүгүн небересин мектепке жетелеп келди. Небереси биринчи жолу мектеп босогосун аттап жатат.

«Баламдын кызын ушул мектепке алып келдим. Бул жакта окуу үчүн бардык шарт түзүлгөн. Мектепке чейинки билимди ушул жактан алган. Жакшы окутат. Өзү да окууга кызыгат. Окуучуларга, ата-энелерге жакшы мамиле кылышат. Мектепке келбейм деп эркелебейт. Мектепке чейин эле тамгаларды жаттап, таанып, кошуп окуп баштадык. Жакшы окуп кетет деп үмүттөмүн».

Бүгүн билим күнүнө карата президент Садыр Жапаров да кыргызстандыктарды жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы ар бир баланын татыктуу билим, туура тарбия алышына бардык шарттар түзүлүшү зарылдыгын белгиледи.

«Билимдүүгө дүйнө жарык» деген накыл кептегидей, билим уясын аттаган ар бир баланын татыктуу билим, туура тарбия алышына бардык шарт түзүлүшү зарыл. Себеби билимдүү жаштар – мамлекетибиздин келечеги, улутубуздун уңгусу, өлкөбүздүн байлыгы. Дүйнө ааламдашып жаткан маалда сапаттуу билим берүү туруктуу өнүгүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы болуп калды. Мамлекет тарабынан өлкөнүн билим берүү тутумун дүйнөлүк агартуу мейкиндигине акырындап интеграциялоо менен өнүктүрүүгө басым жасалууда. Окутуунун ыкмаларын жаңыртуу менен билим берүү жаатындагы өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмүн арттырууну көздөп жатабыз».

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү мекемелери үчүн 2022-2023-окуу жылынын базалык пландарын бекитти. Ага ылайык, быйыл сабактар 1-сентябрда башталып, 25-майда аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM