Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш экинчи сессиясын регламенти жок баштады

Саясат | 1 Сен 2022 | 723 | 0

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары экинчи сессиясын расмий ачышты. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да катышып, президент Садыр Жапаровдун атынан жаңы сессиянын башталышы менен куттуктады. Ошондой эле өкмөт башчы буга чейин аткарылган иштер жана алдыдагы пландар боюнча кыскача отчёт берди. Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаровго бир катар суроолорду берип, эң кыска убакытта парламентте өкмөттүк күн өткөрүү керектигин белгилешти. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары ант берип, алты ай иштегенден кийин 30-июнда Жогорку Кеңештин регламентин кабыл алып, эки айлык эс алууга тарашкан болчу. Бүгүн, 1-сентябрда экинчи сессия башталды. Алгач Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сессияны ачык деп жарыялап, андан соң Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырды.

Жаңы чакырылыштын депутаттары жарым жылда 40 парламенттик жыйын өткөрүп, 41 мыйзам кабыл алып, 6644 жолу шайлоочулар менен жолугушуу өткөргөн. Мындан сырткары эл өкүлдөрү шайлоочулардан келген 7688 кайрылууну караган.

Жогорку Кеңештин ишинин башталышы менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров куттуктап, парламент менен биргеликте аткарылган иштер жана алдыда аткарыла турган иштер боюнча кыскача отчёт берди.

Анын айтымында, биринчи сессияда өкмөт тарабынан 124 мыйзам долбоору демилгеленип, анын 71ин парламент колдоп, 67сине президент Садыр Жапаров кол койгон.

«Азыр карооңуздарда 121 мыйзам долбоору турат. Биз «Камбар-Ата-1» ГЭСинин долбоорун ишке ашырууга кириштик. Эгерде 2014-жылдагы ТЭОго карай турган болсок, 3 млрд доллар болсо, андан бери курулуш материалдарынын баасы кескин кымбаттап, 6 млрд долларга чейин көтөрүлдү. Бул биздин экономикабыздагы эң чоң долбоорлордун бири болуп саналат. Мындай чоң акчаларды иштетүү  үчүн да бир топ мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Сиздер менен чогуу ушул суроо-талаптарды чечебиз деген үмүттөбүз. Мындан сырткары 15-16-сентябрда Самаркандда ШКУнун кезектеги отурумунда «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун долбооруна кол коюлары күтүлүп жатат. Ал долбоорду ишке ашырууга дагы 5-7 млрд долларга чейин каражат бөлүшүбүз керек болот».

Депутат Тазабек Икрамов Акылбек Жапаровго кайрылып, буга чейин берилген сунуштар каралбай, өкмөттөн акча бөлүнбөй,  маселе чечилбей жатканын айтып, жооп берүүсүн талап кылды.

«Бир топ маселе бар. Аймактарга барып, эл менен жолугуштук, көйгөйлөрүн уктук. Бүгүнкү күнгө чейин биз көтөргөн маселелер боюнча акчалар бөлүнбөй турат. Мектептин ремонттору аягына чыкпай турат, жол маселелери жана «Кумтөр» боюнча маселелер бар».

Төрага Талант Мамытов регламент боюнча бүгүнкү жыйында маселе көтөрүү каралбагандыктан, Акылбек Жапаров куттуктоо айтуу үчүн гана келгенин белгиледи. Бирок ага карабастан депутат Шайлообек Атазов «Кумтөрдүн» белгисиз болуп жаткан 19 тонна алтыны боюнча жооп берүүсүн талап кылды.

Акылбек Жапаров алдыдагы жыйындарда алтындын 1 милиграммына чейин так маалымат берерин билдирди.

Депутаттар регламент боюнча бейшемби күнкү ар кандай маселелерди карап, өкмөт башчыдан жооп алууну сунушташты. Бирок төрага регламент боюнча расмий ачуу аземи гана каралганын бир канча жолу кайталады.

Ал эми депутат Исхак Масалиев депутаттар каникулдун алдында кабыл алган «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзам долбоорун президент артка кайтырганын айтып чыкты.

Ошондой эле ал президент парламентке карата көптөгөн каршы пикирлерди айтып, парламенттин ыйгарым укуктарын азайтуу аракети көрүлүп жатканын сындады.

«Тийиштүү комитеттин мүчөлөрүн регламент боюнча жумушту тездетүүгө чакырам. Кылган иштерибиздин баары мыйзамдуу болсун. Президенттин каршы пикиринде Жогорку Кеңешке карата айтылган бир топ сын-пикирлер бар экен «ага укугу жок, буга укугу жок» деген. Мен муну президенттин парламентти төмөндөтүү кадамы деп эсептейм. Мындан ары өкмөттүн отчёту жок, маалымат гана бериши мүмкүн. А маалыматты өкмөт каалагандай бериши мүмкүн. Мунун баарын регламентке салышыбыз керек».

Белгилей кетсек, Конституциянын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин регламентинин 34-беренесине ылайык, парламент өз ишин 1-сентябрдан тарта кийинки жылдын 30-июнуна чейин жүргүзүп, сессияларын жыйналыш түрүндө өткөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM