Биз менен байланышыңыз

Чуңкурчактагы Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чара башталды

Кыска кабар | 31 Авг 2022 | 166 | 0

Бүгүн, 31-августта Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара башталды.

Алгач Кыргызстандын көз карандысыздыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүү аземи болду. Андан кийин президент Садыр Жапаров кыргыз элин куттуктап, кайрылуу жасады.

Ал элге бекем ден соолук, өлкөгө тынчтык каалап, алдыда жасала турган алгылыктуу иштерди айтып өттү.

Иш-чара кечки саат 20:00гө чейин уланат. «Ынтымак» республикалык кароо-сынактарынын номинациялары боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи жана гала концерт менен жыйынтыкталат.


Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM