Биз менен байланышыңыз

Тарых музейинде «Кыргыз модасына таазим» көргөзмөсү ачылды

Улуттук тарых музейинде «Кыргыз модасына таазим» көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көргөзмөгө министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышты.

Ал өз сөзүндө ата мекендик дизайнерлерди жана Кыргызстандын мода индустриясын жайылтуу максатын көздөгөн мындай иш- чараны министрлик тиешелүү деңгээлде колдоого ала тургандыгын белгилеп, кыргыздын алгачкы кийимдеринин тарыхый үлгүлөрү, ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин мода индустриясынын эволюциясы катары белгилүү болот деген ишенимин билдирди.

«Саркеч үйү» – 2014-жылы негизделген жана Кыргызстандагы дизайнерлерге өз продукцияларын илгерилетүүгө жана сатууга мүмкүнчүлүк берген уникалдуу аянтча.

Бүгүнкү күндө «Мода үйү» өлкөдөгү биринчи көргөзмө-рум болуп саналат. Анда кийим-кече, аксессуарлар жана зер буюмдардын жергиликтүү дизайнерлеринин автордук буюмдары гана коюлган. Мода үйүнүн аркасында 30дан ашык дизайнерлер жекече тигүү менен гана алектенбестен, үзгүлтүксүз түрдө сезондук жана капсулалык коллекцияларды чыгаруу менен алектенип келет.

Аталган иш чара Маданият, маалымат, спор жана жаштар саясаты министрлиги менен Улуттук тарых музейи тарабынан колдоого алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM