Биз менен байланышыңыз

Ульяновсктогу кырсык: Ооруканадагы кыргызстандыктардын абалы оор

Кыска кабар | 22 Авг 2022 | 867 | 0

Орусиянын Ульянов облусунда жол кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын абалы оор. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Жабырлануучуларда оң динамика бар, алар керектүү дары-дармектер менен камсыздалган», — деп билдирет ведомство.

Окуянын натыйжасында 16 адам, анын ичинде Кыргызстандын 14 жараны каза болуп, үч кыргызстандык ооруканага жаткырылды.

Жол кырсыгы 21-августта Орусиянын Ульянов облусунун Николаев районундагы «М5-Урал» жолунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 чамасында болгон. Кичи автобус кыргызстандыктар менен Самарадан Москвага бараткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM