Биз менен байланышыңыз

Клиникалык тез жардам ооруканасына жаңы жетекчи дайындалды

Кыска кабар | 22 Авг 2022 | 323 | 0

Нурлан Абасканов Клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери болуп дайындалды.

2022-жылдын февраль айында Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп түзүлгөн. Анда Памир Муратов башкы дарыгер болуп дайындалган.

Абасканов 1973-жылы 22-январда туулган.

Иш тажрыйбасы:

— 1996-2011-жылдары — «Бейиш» элдик медицинасынын Республикалык илимий-өндүрүштүк борборунда стоматолог;

— 2011-2013-жылдары Бишкек шаарынын ЖКК ООМПнын жетектөөчү адиси;

— 2013-2018-жылдары №10 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору;

— 2018-2022-жылдары №10 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун башкы дарыгери;

— 2022-жыл №4 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун директорунун орун басары.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM