Биз менен байланышыңыз

Жапаров Кара-Балта спирт заводун модернизациялоону тапшырды

Кыска кабар | 22 Авг 2022 | 204 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышты.

Акылбек Жапаров ишкананын лабораториясын эл аралык стандарттагы заманбап жабдууларды сатып алып, жабдууну тапшырды. «Лабораториянын иши кынтыксыз болушу керек, анын «Люкс» классындагы продукциясынын сапаты боюнча чыгарган корутундусунан эч ким кынтык таппагандай болушу тийиш», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле ал мамлекеттик ишкананы алдыңкы технологияларга ылайык модернизациялоону, натыйжада, толук өндүрүш цикли бар заманбап заводду негиздөөнү тапшырды. Атап айтканда, бардык аймакка асфальт төшөө, спирт сакталуучу кампаларда оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, чыгаруу системасын жаңылоо, компьютерлештирилген башкаруу системасын түзүү тапшырмалары берилди.

Андан соң тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишканалардын жетекчилерине заводдун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу жана ата мекендик арак чыгаруучу жаңы линияны орнотуу боюнча өнөктөштөр менен ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды.

Мындан тышкары заводдун продукциясын келечекте чет өлкөгө экспорттоо маселелери талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM