Биз менен байланышыңыз

Президент Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүүнү тапшырды

Кыска кабар | 22 Авг 2022 | 469 | 0

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Ульяновск облусунда катталган кырсыкта каза болгон мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү боюнча атайын борт уюштурууну иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Президент Садыр Жапаров ТИМ, ӨКМ, «Манас» эл аралык аэропортуна орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз»,- деп билдирди Султанбаев.

Кечээ, 21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда чоң жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргызстандын жараны болгон. Мындан сырткары 3 кыргыз жараны ооруканага жеткирилген.

Кырсык Николаевск районунун Праскавьина жана Новопасск айылдарынын ортосунда, «Урал» чоң жолунда катталган.

Copyright © 2017 Maral FM