Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы жол кырсыгынан 14 кыргызстандык каза болду

Кыска кабар | 21 Авг 2022 | 2150 | 0

Орусиянын Ульяновск облусунда чоң жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын  ичинен 14ү Кыргызстандын жараны болгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгынан 16 адам каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары. Мындан сырткары 3 адам ооруканага жеткирилген, учурда алардын жарандыгы такталып жатат.

Кырсык Николаевск районунун Праскавьина жана Новопасск айылдарынын ортосунда, «Урал» чоң жолунда катталган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөп кетишкен. Каза болгондордун жакындары үчүн төмөнкү телефон номерлери иштеп жатканы айтылган: +7 926 861 50 98, +996 551 312-000.

Жол кырсыгы боюнча Фейсбук колдонуучулары видео менен бөлүшүүдө.

Алардын айтымында, кырсыкка кабылган “Мерседерс Бенц Спринтер” унаасы токтоп турганда, артынан оор жүк ташуучу унаа келип сүзгөн.

Каза болгон жарандардын Казакстандын чек арасынан өтүп, Орусияга кайра келип жаңыдан каттоого туруу максатында жолго чыгышкандыгын айтышууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM