Connect with us

Ысык-Көлдү балык уулоочу торлордон тазалоо башталды

Кыска кабар | 21 Авг 2022 | 336 | 0

Ысык-Көл облусунун аймагында көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо боюнча масштабдуу рейд башталды. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Рейддин жүрүшүндө Ысык-Көлдүн бардык акваториясында, жээктен 30-35 чакырым алыстыкта жана 25-30 метрге чейинки тереңдикте браконьерлердин торлору алынууда. Негизинен тазалоо иштери браконьерлер балык уулоочу торлорун көп салчу жерлерде жүргүзүлүүдө.

«Балык уулоочу торлордун баасынын арзандыгынан жана жеткиликтүүлүгүнөн улам браконьерлер балык кармагандан кийин да торлорун чыгарбай таштап кетишүүдө. Алар келгин куштарга жана көлдү байырлаган башка жаныбарларга коркунуч жаратат. Анткени балык уулоочу торлорду таштап кеткенден кийин да балыктарды көпкө чейин кармай берет. Бул өзү суу жаныбарларына, суу канаттууларына жана балыктарга чоң зыян келтирет», — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага облустук туристтик-экологиялык милиция, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башка кызматтары да тартылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM