Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө мектеп директорун тандоо сынагынан 61 талапкер өттү

Кыска кабар | 21 Авг 2022 | 233 | 0

Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, 20-августта Ысык-Көл жана Нарын облустарында мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.

Ысык-Көл облусу боюнча тестке катышууга 208 талапкер документ жиберген. Алардын 60ынын документи жараксыз деп табылып, 2 киши тестирлөөгө келген эмес. Тестке 146 адам катышты.

Жыйынтыгында 61 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 42%ын түздү.

Эскерте кетсек, конкурс Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан уюштурулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM