Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөдөгү жогорку аскер окуу жайларына өткөн курсанттар ант беришти

Кыска кабар | 20 Авг 2022 | 175 | 0

Бүгүн, 20-августта чет мамлекеттик жогорку аскер окуу жайларына тапшырган курсанттарды салтанаттуу аскердик ант берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо кызматынан билдиришти.

Иш-чара Ата-Бейит мемориалдык комплексинде өтүп, ага Коргоо министрилигинин өкүлдөрү, курсанттардын ата-энелери жана жакындары катышты.

Бул жылы чет мамлекеттик жогорку аскердик окуу жайларга 40дан ашык кыргыз жарандары өтүп, алар Орусиянын, Азербайжан жана Казакстандын жогорку аскердик окуу жайларынан билим алышат.

Эске салсак, курсанттар буга чейин тереңдетилген медициналык текшерүүдөн, дене-тарбиялык даярдыгы боюнча нормативдерден, предметтик жана психологиялык тесттен өтүшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM