Биз менен байланышыңыз

«Тазалык» кайрадан Биринчи май районундагы таштандыларды чыгарат

Кыска кабар | 20 Авг 2022 | 132 | 0

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Биринчи май районунун аймагындагы катуу тиричилик таштандыларын чыгара баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Тазалык» шканасынын кызматкерлери учурда таштанды көп топтолуп калган аймактарда иштеп жатышат. Муниципалдык ишкана тарабынан оңдолуп жаткан техникалар жарым-жартылай калыбына келтирилди.

Учурда Биринчи май районундагы линияда 14 атайын техника иштөөдө. Буга чейин пилоттук долбоордун алкагында бул аймактагы катуу таштандыларды чыгарууну «Эко Проф» компаниясы жүргүзгөн.

«Тазалык ишканасы  Биринчи май районуна сынак өткөрүлгөнгө чейин тейлейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM