Биз менен байланышыңыз

Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилди

Кыска кабар | 19 Авг 2022 | 435 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө» 1998-жылдын 7-августундагы № 116 мыйзамы менен кабыл алынган Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын
75-пунктунун б пунктчасына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилди.

Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат бөлүмү билдирди.

Кыргызстанда акыркы бир айдан бери төрт аскер кызматкеринин өлүмү катталды. Бүгүн, 19-августта Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы Аскердик институтта аскерге чакырылган жоокер өзүн атып алганын маалымдаган. Кырсык 18-августта саат 22:10 чамасында болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM