Биз менен байланышыңыз

Президент Алтынбек Сулаймановго эскертүү, Эркинбек Осоевге сөгүш берди

Кыска кабар | 19 Авг 2022 | 439 | 0
Президент Садыр Жапаров бир катар кызматтык адамдарга дисциплинардык жаза берди.
Мамлекет башчысынын тескемесине ылайык, Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн:
– Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевге сөгүш берилди.
«Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» президенттин жарлыгын ишке ашыруудагы кемчиликтери үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилди:
-Сулайманов Алтынбек Турдубаевичке – Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
-Жумагазиев Канат Сагыновичке – Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги;

Термеев Руслан Качкынбаевичке – Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын начальниги.

Copyright © 2017 Maral FM