Биз менен байланышыңыз

Нурдан Орунтаев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Кыска кабар | 19 Авг 2022 | 155 | 0

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурлан Шаршеналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун башка бир жарлыгы менен Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча вице-мэри болуп Нурдан Орунтаев дайындалган. Буга чейин ал мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору болуп иштеген.

Ал эми Рыскулбек уулу Талант борбор калаанын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору болуп дайындалган. Буга чейин ал департаменттин башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM