Биз менен байланышыңыз

Жапаров Korea Telecom корпорациясынын вице-президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 19 Авг 2022 | 213 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Korea Telecom корпорациясынын вице-президенти Пак Седжу жетектеген делегация менен жолугушту.

Жапаров белгилегендей, бул сапар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана тараптардын орток кызыкчылыгына туура келген чөйрөлөрдө иштиктүү жана касипкөй иштерди жолго коюу жагынан алып караганда маанилүү жана жагымдуу көрүнүш болуп саналат.

«Атап айтканда, электрондук коммерцияны биргелешип өнүктүрүү ишкерлер үчүн шарттарды түзүүгө жана электрондук коммерция тармагынын туруктуу жана динамикалык өсүшүн камсыздоого мүмкүндүк берет», — деди Жапаров.

Korea Telecom корпорациясынын вице-президенти Пак Седжу өз кезегинде жемиштүү кызматташууга жана телекоммуникация тармагындагы алдыңкы тажрыйба менен алымашууга даярдыгын билдирди.

Ал жолугушуунун катышуучуларына тиешелүү санариптик инфраструктураны түзүү, төлөм системаларын жакшыртуу жана финтех инновацияларын өнүктүрүүгө негизделген Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү жана айкындуулукту жогорулатуу боюнча сунуштарды берди.

Тараптар өз ара аракеттенүүнүн эки жана көп тараптуу багыттарынын келечегин талкуулады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM