Биз менен байланышыңыз

Президент элди делегат шайлоого активдүү катышууга чакырды

Кыска кабар | 18 Авг 2022 | 252 | 0

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу учурда коомчулукта кызуу талкууланып жаткан 25-ноябрда өтө турган элдик курултай боюнча тушүндүрмө берди.

Анын айтымында, биринчи курултайга келүүчү делегатnарды тандоо иштерине президенттин өкүлдөрү катышпайт жана тыюу салынат.

«Элдик курултай жөнүндө мыйзам ушул жылдын башында жазылып бүтүп, эки ай бою жалпы элдик талкууга коюлуп, андан кийин Жогорку Кеңешке киргизилген. Тилекке каршы, кабыл алынбай калды. Ошондуктан мыйзам кабыл алынганга чейин быйылкы Курултайды жарлык менен чакырууну туура көрдүм. Бийликтин бардык бутактары бир жылда жасалган иштери жөнүндө жалпы элге маалымат беребиз. Курултайга делегаттарды жергиликтүү эл өздөрү шайлап жөнөтүшөт. Уюштуруу иштерин, делегат шайлоону жергиликтүү кеңештин депутаттары уюштурушат. Жергиликтүү элди чогултат. Ошол чогулушта эл өздөрү делегат шайлап беришет. Шайланган делегат Бишкекке Курултайга келет», — деп жазган.

Президент ошондой эле элди делегат шайлоого активдүү катышып берүүгө чакырган.

Мындан сырткары, президент курултай мурдагыдай «дежур курултай» болбой тургандыгына кепилдик берген.

Copyright © 2017 Maral FM