Биз менен байланышыңыз

Соцфондко жети айда 5643 арыз келип түштү

Кыска кабар | 17 Авг 2022 | 122 | 0

Социалдык фондуну калк менен иш алып баруу бөлүмүнө быйыл жети айда 5643 арыз жана даттануу келип түшкөн. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматы билдирди.

Келип түшкөн арыздардын 267си жазуу турундө,  425и ооз эки кайрылуу жана 119у электрондук кайрылуулар.

Ушул жылдын январь-июль айларында келип түшкөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча  толук түшүндүрмө берилди жана жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушкөн:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсия алуу укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө.

Ошондой эле, төраганын орун басарлары жана аппарат жетекчиси тарабынан 77 жаран өздөрүнүн кабыл алуусунда болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM