Биз менен байланышыңыз

Байсалов БУУнун Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту

Кыска кабар | 17 Авг 2022 | 237 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору болуп дайындалган Кристин Антже Грейв менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Эдил Байсалов өлкөнүн жетекчилигинин атынан Кристин Антье Грейвди жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча айтып берди.

Ошондой эле ал президент тарабынан сунушталган тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча демилгелердин өзгөчө маанисин белгилеп, БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган резолюцияны белгилеп өттү.

Мындан сырткары, Байсалов БУУнун жаңы дайындалган өкүлү менен ар тараптуу кызматташууну улантууга болгон ишенимин билдирди.

Кристин Антже Грейв Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча ишти улантууга даяр экенин белгилеп, эл аралык күн тартибинде тоо экосистемасын коргоо боюнча иштер жылып жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM