Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде 13,105 млрд куб метр суу бар

Кыска кабар | 17 Авг 2022 | 172 | 0

Бүгүн, 17-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 105.52 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, суунун агып келиши секундасына 455 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 351 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин жеткен.

Суу сактагычтын жогорку чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон. Ал эми эң төмөнкү чеги 2008-2009-жылдары, кийин 2014-жылы 6,4 млрд куб метрге чейин жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM