Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ири өлчөмдөгү баңгизат менен Ирандын жараны кармалды

Кыска кабар | 17 Авг 2022 | 314 | 0

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат сатып жаткан Ирандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Иранда өндүрүлгөн ири өлчөмдөгү баңгизатты жеткирүү маршруту Ирандан Ооганстанга, андан ары Тажикстан аркылуу Кыргызстанга жеткирилип турган.

8-августта Бишкек шаарында сотко чейинки козголгон өндүрүштүн алкагында атайын-тергөө иш-чараларды өткөрүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө «метамфетамин» баңгизаты алынган.

Алынган «метамфетаминдин» жалпы салмагы 10 кг түзүп, көмүскө базардагы баасы  1 граммы 4500 сомду түзөт.

Учурда козголгон сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кылмышка тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары өткөрүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM