Биз менен байланышыңыз

Суучул Денис Петрашов Түркиядагы мелдеште алтын утту

Кыска кабар | 17 Авг 2022 | 334 | 0

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында 1-орунду ээлеп, алтын медаль утту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Суучул 16-августта брасс боюнча 100 метр аралыкка сүзүүдө жеңүүчү болду. Анын жыйынтыгы 1 мүнөт 0,54 секунд болду.

Белгилей кетсек, Денис Петрашов буга чейин брасс боюнча 50 жана 200 метр аралыкта коло медалдардын ээси болгон.

Ислам шериктештиги оюндары быйыл Туркияда өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда. Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча мелдештерге катышып келе жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM