Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга ортопедиялык буюмдарды чыгаруучу ири инвесторлор келди

Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 164 | 0

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде ортопедиялык буюмдарды чыгарган кытайлык NATON, IRENE, жана INION компанияларынын өүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Мындай маалымат менен Фейсбук колдонуучусу Мырзахит Мырзаев бөлүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кытайлык ишкерлер инвестиция салуу максатында региондогу башка өлкөлөрдү да карап жатышканын, бирок Кыргызстан негизги өлкө экинин билдиришкен.

Аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

Учурда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан Бишкек эркин экономикалык аймагы жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен жолугушуулар уюштурулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM