Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 61 мектептин директору алмашат

Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 376 | 0

Бүгүнкү күндө борбор калаанын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордуна Бишкек шаары боюнча 61 бош орун бар. Сынакты өткөрүү тартибине ылайык, бардык бош орундар Билим берүү жана илим министрлигине сынак үчүн тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы билдиргендей, Бишкек шаарынын муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын 61 директору 5 жылдан ашык кызмат кылышкан.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлигинин ушул жылдын 15-августундагы №1552/1 буйругуна ылайык, Бишкек шаары мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынакка документтерди кабыл алууну жарыялады. Толук маалыматты https://edu.gov.kg/posts/763/ сайтынан алса болот.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин жарлыгы менен 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору ээлеген кызматынан бошотулары айтылган. Июль айынын аягында өлкө боюнча 966 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM