Биз менен байланышыңыз

Эмгек министрлиги 202 майып жана жетим балага эс алуу уюштурду

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 145 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен Ысык-Көлдөгү «Улан» балдардын ден соолукту чыңдоо борборунда 202 бала эс алат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министрлик Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан майып, жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үчүн жайкы эс алууну уюштуруп жатат. Балдар 10 күн эс алышат.

Эс алууга катталуу 15-августта башталган.

Эске салсак, Эмгек министрлиги өткөн аптада Ысык-Көлдө 100 жетим жана майып балдар үчүн эс алуу уюштурган эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM