Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор Тажикстанда жолугушат

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 250 | 0

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Жерге жайгаштыруу жана геодезия мамлекеттик комитетинин төрагасы, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажик өкмөттүнүн делегациясынын топографиялык жумушчу тобунун жетекчиси Ориф Хожазода менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун ишмердүүлүгүн талкуулашты жана пикир алышты.

Эрлан Абдылдаев ушул жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан жана Тажикстандын мамлекет башчыларынын чек ара маселелери боюнча жетишилген макулдашууларын ишке ашырууга кыргыз тарап даяр экендигин ырастады.

Ошол эле учурда Ориф Ходжазода тажик тарап топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусун Тажикстандын аймагында уюштурууга даяр экендигин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM