Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мыйзам ушул жылдын 30-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам Улуттук банктын укуктук статусун, максатын жана негизги милдеттерин, ишин уюштуруу тартибин, кызматтарын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
Мыйзам башка нерселер менен бирге төмөнкүлөрдү камтыйт:
— Улуттук банктын милдеттүү резервдеринин эсебинен уставдык капиталын көбөйтүү;
— Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган компанияларына Улуттук банк тарабынан насыяларды/займдарды берүү мүмкүнчүлүгү;
— Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорун аткаруу үчүн Улуттук банктын функционалдык, уюштуруучулук жана финансылык өз алдынчалыгы жөнүндө жоболор такталган.