Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги таштандылар үчүн «Комтранскомго» айып пул салынды

Кыска кабар | 9 Авг 2022 | 227 | 0

Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы Октябрь районун тейлеген «Комтранском» ишканасына «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык 78 миң сом айып салды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда инспекторлор тарабынан таштандыга толгон  6 таштанды аянтчасы аныкталды. Бул фактылардын негизинде жогоруда аталган  ишканага карата протоколдор түзүлдү.

Ишкананын жетекчилиги мыйзам бузууну четке кагып жаткандыктан, акыркы чечим чыгаруу үчүн иш административдик комиссияга өткөрүлүп берилди.

Эске салск, акыркы бир жумадан бери Бишкек шаарынын тургундары таштандылар өз убагында алынбай жатканын айтышып, мэрдин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM