Биз менен байланышыңыз

Быйыл президенттин кубогу үчүн көк бөрү Нарында өтөт

Кыска кабар , Спорт | 6 Авг 2022 | 778 | 0

Быйыл 23-31-август күндөрү Президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш Нарын облусунда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Мелдеш Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына арналып өткөрүлөт. Ага Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдөн келген командалар катышат.

Командалар катышуу боюнча арыздарын Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына 15-август саат 17:00гө чейин тапшыруусу зарыл. Ал эми чүчү кулак таштоо аземи 16-август күнү УТРКдан түз эфирде көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, президенттин Кубогунда Жогорку Лигадагы командалар ойнобойт. Себеби Жогорку Лигадагы командалардын улакчыларынан улуттук курама команда түзүлүп, алар Түркияда өтө турган көчмөндөр оюндарына даярданышат.

Көк бөрү боюнча Президенттин кубогу жыл сайын өткөрүлүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM