Биз менен байланышыңыз

Президент сот системасындагы санариптештирүү менен таанышты (сүрөт)

Кыска кабар | 5 Авг 2022 | 301 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта Жогорку сотко барды. Ага Кыргызстандын сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, судьяларга иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүүнү камсыз кылган маалыматтык системалар, сот отурумдарын автоматтык түрдө дайындоо, соттордун курамын түзүү жана башкалар жөнүндө айтылды.

Мамлекет башчысы андан ары Жогорку соттун имараты менен таанышып, Кыргызстандын судьялар корпусу менен жолугушту.

Мамлекет башчысы сот тутумун реформалоонун алкагында судьяларды ротациялоо менен жетишилген алгылыктуу жыйынтыктарга көңүл буруп, соттордун кынтыксыз иштешин камсыз кылуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүлөрү тууралуу айтып берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM