Биз менен байланышыңыз

Ата-мекендик товарлардын сатылышын колдоо боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлду

Кыска кабар | 5 Авг 2022 | 568 | 0

Коомдук тамактануучу жайларда ата-мекендик өндүрүштөгү алкоголсуз суусундуктарды 50%га чейин сатуу милдети коюлат. Тиешелүү токтом долбоору Өкмөттүн сайтына 1-августта коомдук талкууга коюлду.

Токтом долбоору «Кыргыз Республикасында ички соода жөнүндө» мыйзамынын 4 жана 7-беренелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Ал ата мекендик товарларды сатуу үчүн шарттарды түзүү аркылуу ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү коргоого жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн товарларынын сатылышына колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Коомдук тамактануучу жайларда сатылуучу продукциянын ассортиментинде 50% ата-мекендик өндүрүштөгү алкоголсуз суусундуктардын болушу ДСУ жана ЕАЭБ алдындагы эл аралык милдеттенмелерин бузбайт жана рынокко чыгуунун бирдей шарттарын түзөт.

Ички рынокто таанымал болгон кыргызстандык бренддер менен ата мекендик өндүрүштүн продукциясын, анын ичинде улуттук суусундуктарды илгерилетүү туризмди өнүктүрүүгө жана ата мекендик продукцияны чет өлкөлөрдө жайылтууга өбөлгө түзөт.

Долбоор боюнча сын-пикирлер жана төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Нурлан Джусумалиев тел: 62-05-35 (+307), email:ndzhusumaliev@gmail.com.

Тиешелүү токтом долбоору 1-сентябрга чейин коомдук талкууга коюлуп, андан соң келип түшкөн сын-пикирлер менен токтомго толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилип, өкмөттүн кароосуна жөнөтүлөт. Токтом долбоору Министрлер кабинетинин төрагасынын чечими менен ишке ашырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM