Биз менен байланышыңыз

«Достуктан» аэропортко маршруттук каттам киргизүү сунушталды

Кыска кабар | 5 Авг 2022 | 1055 | 1

Бүгүн, 5-августта «Ош» эл аралык аэропорту жана «Достук» чек ара бекетиндеги терс көрүнүштөрдү жоюу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусундагы укук коргоо органдарынын жетекчилерин менен «Ош» эл аралык аэропортундагы жергиликтүү такси кызматынын айдоочуларынын жүргүнчүлөргө кылган терс мамилесин жөнгө салуу боюнча сүйлөштү.

Жамалдинов «Ош» эл аралык аэропорту аркылуу каттаган өзбек жарандарынын жана чет өлкөдөн келген туристтердин коопсуздугун сактоо, алардын үчүн коопсуз шарттарды түзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

«Коомчулукта сөз болуп жаткан терс көрүнүштөрдү жоюу боюнча тезинен иш алып барышыбыз керек. ИИМдин Ош облусу боюнча башкармалыгы «Ош» эл аралык аэропортунундагы таксистерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тартипке чакырыңыздар. Ал эми милдеттеринен аша чапкан айдоочулар болсо мыйзам чегинде чара көрүңүздөр. Ошондой эле такси айдоочулары өзүм билемдик менен коюп алган бааларды жүргүнчүлөрдү ошол баа менен гана ташыйбыз деген көрүнүштөр болбосун, ар бир жүргүнчүгө 500 сомдон жол акы алып жатат деп айтылууда. Бул маселени да көзөмөлгө алгыла, бааны арзандатып, бирдиктүү баа болушу керек» ,- деди Жамалдинов

Ошондой эле «Ош» эл аралык аэропортунан «Достук» чек ара бекетине каттаган жарандар үчүн өзүнчө маршруттук каттам киргизүү сунушу айтылды.

1 пикир

1 пикир

  1. Исаков

    07.08.2022 23:45

    👍👍👍👍

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM