Ош шаарында алты айда коррупция боюнча 49 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ биринчи вице-мэр Марс Исаев жетектеген коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өткөн.
Жыйында жол коопсуздугун камсыздоо жана мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу маселелери каралган.
Ички иштер башкармалыгы менен УКМКнын Ош шаары боюнча башкармалыгынан билдиришкендей, 58 жарандын арызынын негизинде коррупция боюнча 49 кылмыш иши козголгон.
Иштин жыйынтыгында 23,4 миллион сом мамлекеттик бюджетке кайтарылган.