Биз менен байланышыңыз

Тайчабаров эмне үчүн кымбат телефон көтөрөрүн түшүндүрдү (видео)

Кыска кабар | 5 Авг 2022 | 316 | 0

Акыркы убакта социалдык түйүндөрдө «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директору Кудрет Тайчабаровдун атына байма-бай сындар айтылууда. Сындардын басымдуу бөлүгү анын унаасы менен кымбат баалуу телефону жөнүндө болууда.

Тайчабаров айтылып жаткан сындар боюнча айрым журналистерге маек берип, анда кеңешчилеринин сунушу менен протоколго ылайык болуу максатында акыркы үлгүдөгү кызматтык телефондорду көтөрүүгө мажбур болуп жаткандыгын айткан.

«Сиз өзүнүн өлкөсүндө бай болгон адамдарды инвестор катары өлкөгө чакырган адамсыз» деп мага кеңеш берип жатышат. Мен шакек, галстук такпайм. Галстук таксам кысылгандай сезе берем. Ошондуктан мага иш жолугушууларында нике шакегин, галстук тактырышат. Анан ошол сыяктуу эле акыркы үлгүдөгү кызматтык телефонду беришкен» , — деп түшүндүргөн ал.

Кудрет Тайчабаров 2020-жылдын 14-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен «Бишкек» ЭЭАнын башкы директору болуп дайындалган.

Буга чейин «ПолитКлиника» маалыматтык порталы «Бишкек» ЭЭАнын башкы директору Кудрет Тайчабаровдун кызматтык телефону тендерсиз алынганы чын (Фактчекинг) деген иликтөө макаласын чыгарган.

Ошондой эле 1-августта жарандык активист Атай Бейшенбек уулу Кудрет Тайчабаров ишкананын эсебинен 110 миң сомго уюлдук телефон (iPhone 12 Pro Max) жана 2 млн сомдон ашык каражатка автоунаа (Тойота Ланд Крузер 200) алганы тууралуу «Фейсбук» баракчасына жазып чыккан.

Тайчабаров сөз болуп жаткан уюлдук телефон тендерсиз алынганын тастыктап, «Бишкек» ЭЭА мамлекеттик бюджетке кирбегендиктен, бюджеттик кодекс аларга таасир этпей турганын, сатып алуулардын көбү тендерсиз эле өтүп келгенин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM