Биз менен байланышыңыз

Ошто алты айда 200 жол кырсыгы катталган

Кыска кабар | 5 Авг 2022 | 216 | 0

Ош шаардык патрулдук милициянын маалыматы боюнча, быйыл 6 айда 200 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28%га аз. Кырсыктан 4 адам каза болуп, 281 адам жаракат алган. Балдардын катышуусунда 65 жол кырсыгы катталган.

Мындан тышкары, патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан жөө жүргүнчүлөрдүн белгиленбеген жерден жолдорду кесип өткөндүгү үчүн 114 протокол түзүлгөн.

Кечээ, 4-августта Ош шаарында биринчи вице-мэр Марс Исаевдин жетекчилиги астында коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өткөн.

Марс Исаев жол кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулар арасында айдоо маданиятын жогорулатуу боюнча системалуу иштерди жүргүзүүгө көңүл бурууну тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM