Кыргызстандан кагаз жана картонду (макулатура жана таштанды) Евразия Экономикалык Биримдигинен башка аймактарга ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Мындан тышкары, жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу тууралуу чечимге кол коюлду.
Убактылуу тыюу салуу ички рынокто чийки заттын тартыштыгынын алдын алуу, өндүрүштү калыпка салуу жана даяр өндүрүмдүн экспортун көбөйтүү максатында киргизилди.
Аталган чечимдер расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.