Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда кумшекердин баасы 78 сомго төмөндөтүлөт

Кыска кабар | 5 Авг 2022 | 1077 | 0

Кыргызстанда кумшекердин жеңилдетилген баасы 78 сомго төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, азыркы учурда мамлекет социалдык жактан маанилүү товарларга, алардын баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга көңүл буруп жатат. Алар ун, кум шекер, өсүмдүк майы, сүт жана башка азыктар.

Кечээ, 4-августта Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында өлкө аймагына алымсыз жеткирүүгө квотанын алкагында кумшекерди сатуу, ошондой эле ташылып келген чийки кум шекерден иштелип чыккан кум шекерди ата мекендик заводдор тарабынан сатуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, негизинен кумшекер Индиядан алынып келинет. Ал эми «Кайыңды Кант» жана «Кошой» заводдору Бразилиядан алынып келинген чийки кумшекерден өндүрүшөт. Логистикадан улам бүгүнкү базарларда сатылып жаткан кум шекердин баасы ата мекендик кант кызылчасынын кум шекерине караганда жогору.

Учурда 105 миң тонна кумшекерди жана чийки кантты ишкерлер алымдарды төлөбөстөн алып келишет. Ошондой эле кумшекерди башка өлкөлөрдүн ишкерлери сатып албашы үчүн өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салынган.

Эскерте кетсек, кант өндүрүүчүлөр ири соода тармактары жана кичинекей дүкөндөр менен кумшекерди калк үчүн жеңилдетилген баада сатуу жөнүндө келишим түзүшкөн (79 сом/кг, күнүнө бир адам 1 кг чектөө менен). Көрсөтүлгөн көлөмдөн жогору кум шекер чектөөсүз 85 сом/кг сатылат.

Буга чейин 1-августтан баштап «Глобус», «Народный», «Фрунзе» соода түйүндөрүндө кумшекерди 84 сомго чейин сатуу жөнүндө макулдашууга жетишилген.

Кеңешмеде Кызмат тарабынан соода түйүндөрү үчүн «Кайыңды Кант» жана «Кошой» компаниялары сатуу баасын төмөндөтүү боюнча дагы бир келишим түзүлүп, анын натыйжасында кумшекердин жеңилдетилген баасы кг үчүн 1 сомго төмөндөйт жана бир кг 78 сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM