Бүгүн, 5-августта Ош шаарынын бир катар райондорунда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү райондордо жарык жок болот.
Алар: Черемушки, Ак-Тилек кичи райондорунда, Моминов, Амир-Тимур, Абдувалиев, Мирзаев, Юбилейная, Закиров, Абдыкадыров, Пролетарская, Пахта Абад, Тоголок Молдо, Курчатов, Молдо Нияз, Санкт-Петербург, Степная, Алиев, Навои, Масалиев, Монуев көчөлөрүндө, Монуев №83, №83б көп кабаттуу үйлөрүндө жана Дыйкан Кыштак участкасында.