Биз менен байланышыңыз

Мамбетов ШКУнун форумунда Оштун туристтик потенциалы менен тааныштырды (видео)

Кыска кабар | 5 Авг 2022 | 223 | 0

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов баштаган делегация 3-4-августта Өзбекстандын төрагалыгы астында Ташкентте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин регион башчыларынын форумуна катышты.

Анда Алмаз Мамбетов «Ош шаары Улуу Жибек жолунун туристтик көпүрөсү» темасында баяндама жасады. Мамбетов туризмди өнүктүрүүнүн дүйнөлүк экономикадагы эң маанилүү тармак катары ролун белгилеп, бүгүнкү күндө Ош шаарында туризмди экономиканын реалдуу жана стратегиялык тармагына айландыруу үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

Калаа башчысы Ош шаары үчүн иштелип чыккан туризмди өнүктүрүү программасынын алкагында Silk Road FEST, Silk Road EXPO, Silk Road FOODS деп аталган эл аралык туристтик иш-чараларды өткөрүү пландалып жатканын белгиледи. Алмаз Мамбетов бардык катышуучуларды ушул жылдын 5-октябрында Ош шаарында өтө турган Silk Road SUMMIT эл аралык туристтик форумуна катышууга чакырды.

Форумдун алкагында туризмди, маданиятты жана айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча пленардык сессияны жана үч панелдик сессияны, ошондой эле ШКУ өлкөлөрүнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен бизнес-форумду өткөрүү пландалууда. Бул форум ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүнү караган аймактык деңгээлдеги диалогдук аянтча катары иш алып барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM