Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алып жүргөн жарандардын буюмдарын уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2-августта Ош шаарынын 45 жаштагы тургуну тургуну Р. М. арыз менен кайрылып, Ак-Буура дарыясынын жээгинде курбулары менен эс алып отурган учурда белгисиз жаран алардын сумкаларынан 2 мобилдик телефонун, алтын буюмдарын, акча каражаттарын жана документтерин уурдап кеткендигин билдирген.
Кечээ, 3-август күнү милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Б.М. аттуу тургуну кармалып, ал жасаган күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.
Учурда уурулук боюнча шектүүнүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда.