Биз менен байланышыңыз

Сузакта селден жабыркаган сегиз үй-бүлөгө үй курулууда

Кыска кабар | 4 Авг 2022 | 200 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда селден жабыркаган 8 үй-бүлөгө үй курулууда. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуштар селдин кесепетинен үйлөрү толугу менен жабыркаган Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн жашоочулары үчүн курулуп жатат.

Сегиз үйдү куруп бүтүрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 5 млн 600 миң сом бөлүнгөн. Мындан сырткары, облус боюнча мамлекеттик кызматкерлердин бир күндүк айлык маяналары дагы чогултулууда.

Эске салак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Сузак районундагы Кара-Дарыя айылынын тургундары бир жылдан бери контейнерде жашап, үйлөрүн сел алганына бир жыл болсо да, аларга үй курулбай келгенин сынга алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM