Биз менен байланышыңыз

Киши өлтүрүүгө шектелип качып жүргөн жаран колго түштү

Кыска кабар | 3 Авг 2022 | 304 | 0

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 28-январь күнү Ош шаарынын таштанды таштоочу жайынан киши колдуу каза болгон жарандын сөөгү табылган.

Шектүү катары Бишкек шаарынан мурда жасаган өзгөчө оор кылмышы үчүн издөөдө жүргөн Өзгөн районунун 1985-жылы туулган М.Т. аттуу тургуну кармалган.

Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө ал жасаган кылмышын моюнуна алып, окуядан соӊ каза болгон маркумду 2 жолу бычактап, изин жашырып кеткендигин билдирген. Анын айтымында, өз ара жаӊжал үч бөтөлкө аракты ичип бүткөн соӊ чыккан. Маркум менен шектүү өз ара тааныш болушкан.

Окуя болгондон кийин шектүү тез арада Ош шаарынан чыгып, Өзгөн районунун, Бишкек, Жалал-Абад шаарларынын аймактарында, Суусамыр өрөөнүндө изин жашырып жүргөн.

Учурда Ош шаардык тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM